Бул жылы Кыргызстандан 3 200 ажы Ыйык жерлерге сапарга аттанат. Биринчи топ Бишкек аба майданынан жөнөп кетти.
Азирети Муфтий ажыларды узатып, аман-эсен сапар тилеп, дуба кылды. Ажылык иштерин уюштуруу Муфтияттын ажылык бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.